«Аалам кезген Айтматов»

«Аалам кезген Айтматов»

Overview

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Аалам кезген Айтматов» аталышындагы адабий кече өткөрүлдү.

Адабий кечени Коргоо комитетинин төрагасынын орун басары полковник Н.Б.Кедеев ачып, Айтматовду жаӊычыл-новатор, мыкты калемгер жана феномен жазуучу экендигин баса белгиледи.

Адабий кечеге конок катары чакырылган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын артисттери өздүк курамга Чыӊгыз Айтматовдун калеминен жаралган «Саманчынын жолу» повестинен үзүндү коюп беришти.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Кадырмамбетова Айнура Кумашовна жазуучунун өмүрү жана чыгармалары туурасында кызыктуу маек куруп берсе, Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Жамгырчиев Бердибек Шейшенбекович Чыӊгыз Айтматовго арналган жана поэтикалык ырларынан көркөм окуп берди.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

Your e-mail address will not be published.
Required fields are marked*