Аскер институту менен кызматташууга кол коюлду

Аскер институту менен кызматташууга кол коюлду

Overview

Аскер институту менен Кыргыз-Түрк «Манас» Университети ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

2019-жылдын 24-январында Кыргыз-Түрк «Манас» Университети менен Кыргыз Республикасынын Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институту ортосунда фундаменттик илимдер, заманбап технологиялар жана англис тили чѳйрѳсүндѳ аскер кадрларын окутуу боюнча кызматташууга кол коюлду.

Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин ректоратында ѳтүп, ага университет жетекчилери, Аскер институтунун Аскер институнун башчысынын милдеттин убактылуу аткаруучу полковник Бекказы Түмѳнбаев, Аскер институнун башчысынын окуу жана илимий иштери боюнча орун басары полковник Урустам Чойбеков, Илимий изилдѳѳ бѳлүмүнүн башчысы майор Ильяс Ибраимов, Илимий изилдѳѳ бѳлүмүнүн кызматкери капитан Максат Сартпаев жана университеттин мугалимдери катышты.

Жогорку окуу жайлар ортосундагы аскер кадрларын окутуу боюнча келишимдин алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» Университети жана Аскер институту базасында фундамент- алдык илимдер, заманбап технологиялар жана англис тили чѳйрѳсүндѳ аскер кадрларын окутуу боюнча семинарларды, конференцияларды жана форумдарды биргелешип уюштуруу, билимди ѳркүндѳтүү алкагында тараптар бири-бирине усулдук жана башка жардамдык кѳрсѳтүү каралган.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек

Кулмырзаев жана КР Куралдуу Күчтѳрүнүн Аскер институнун башчысынын милдеттин убактылуу аткаруучу полковник Бекказы Түмѳнбаев эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Андан соң куттуктоо сѳздѳрү айтылды жана университеттин жетекчилери конокторго окуу жайдын атынан чакан белек тапшырды

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<