“Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы тууралуу

Башкы бетке өтүү

КР КИМК караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик  ишканасынын

кыскача мүнөздөмөсү

 

Кыргыз Республикасынын Корго иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы 2013-жылы КР КМ алдындагы «Аскер курулуш» МИ Уставына ылайык  уюшулган (КР θкмөтүнүн 2009-жыл 19-сентябрь №600 токтому менен бекитилген ).  Ишкана төмөндөгүдөй  мамлекеттик тапшырык маселелерин чечип келген:

– аскер жаатындагы курулуш тармактарын жана долбооорлоону, өлкөнүн аймагын инженердик объекттер жана курулмалар менен  ыкчам жбдуу кызыкчылыгын;

– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн социалдык жана маданий багытындагы объектилердин курулушу;

– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү, турак жай.

Ишкана мамлекеттик тапшырыктардан сырткары Кыргыз  Республикасынын башка орган жана уюмдардын керектөөлөрү үчүн курулуш жана долбоорлор менен байланышкан тапшырыктарды жандандырып келет.

Ишкана уюштуруучулук-укук түрдө уюшулган, чарба жүргүзүүгө негизделген, толук чарбалык эсептин негизинде өзүнүн ишмердүүлүгүн жандандырган, өзүн-өзү каржылаган жана өзүн-өзү камсыз кылган, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар   юридикалык жак – Мамлекеттик ишкана болуп эсептелет.

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы түптөлгөндөн тартып Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 300дөн ашуун капиталдык оңдоо жана курулуштарын бүтүргөн.

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы төмөндөгүдөй жалпы республикалык стратегиялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышкан:

– «Тынчтык миссиясы-2016» ШУК (ШОС) мамлекет мүчөлөрүнүн жана ОДКБ катышуучуларынын аскердик биргелешкен террордукка каршы окууну өткөрүүнүн алкагында объекттерди курууга;

– Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даярданууга катышкан.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы-президенттин тапшырмасын аткарууда аскер кызматкерлеринин социалдык-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү жана Кыргыз Республикасынын θкмөтүнүн аскр кызматкерлери үчүн социалдык турак-жай куруу боюнча 05.06.2014-жыл №204 тескемеси боюнча Бишкек, Ош жана Баткен шаарларында 743 батирдин курулуш пландалган, анын ичинен Бишкек шаарында – 443 батир, Ош шаарында – 201 батир жана Баткен шаарында (Туура-Таш айылы) – 90 батир.

Жогоруда айтылгандардын ичинен 31.05.2018-жылга карата төмөнкү объекттерде курулуш иштери бүткөрүлдү:

–  Баткен облусунун Туура-Таш айылында 3 кабаттуу үч турак үйү;

– Бишкек шаарынын Токонбаев көчөсүнүн  (12-кичирайон) 0,27 га участкасындагы 81 батирлүү үй жана 0,14 га участкасындагы 54 батирлүү үйдүн курулушу.

Белгиленген объекттерди курууда 21 970,9 миң сом бюджеттик каражаттан үнөмдөлгөн.

Социалдык куруштар «Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү турак үйлөрдүн курулушу» жана «Бишкек шаарынын Токонбаев көчөсүнүн  (12-кичирайон) 0,14 га участкасындагы 81 батирлүү  үйдүн курулушу» боюнча курулуш-топтоо иштери улантылып жатат.

Ишкананын ишмердүүлүк мезгилинде негизги каражаттар 12 эсе көбөйгөн жана азыркы убакта үч жүз миллион сомду түзөт.