Аскердик ант алынды

Аскердик ант алынды

Overview

Үcтүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал – лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун окуу процессинин камсыздоо батальоунуна күзгү аскерге чакырууга келишкен жоокерлердин Мекен алдында аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Армияга чакырылган күндѳн бери аскердик уставдар, аскер тартиби, саптык даярдык, саптык кадам жана башка аскер турмушунун алгачкы жаңылыктары тууралуу маалыматтарды алышты. Аскер турмушуна кѳнүгүшкѳн соң, бүгүн Ата Мекенге кызмат кылууга даярбыз деп жигиттин ѳмүрүндѳ бир жолу кабыл алына турган аскердик ант беришти.

Мындай салтка айланган аземде КР КК Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттинин жетекчилигинин атынан  жана Аскер институтунун жетекчиси тарабынан, ошондой эле КР КК ардагерлеринин атынан, Аскер институтунун окуу процессинин камсыздоо батальоунунун жоокерлерлерине, кыргыз армиясынын катарын толуктап, мѳѳнѳттүү кызмат аткарууга ант берген жаш жоокерлерге бекем ден соолукту, чыдамкайлыкты, ѳз Ата Мекенинин сакчылыгында  бекем турууну жана улуу муун калтырып кеткен кайратмандыктын, эрдиктин мыкты аскердик салттарын улантуучулардан болушат деген ишеничти билдирди.

Аз убакыттын ичинде  даярдалган, Аскердик ант берген жаш жоокерлердин катышуусунда аскер кѳргѳзмѳлѳрү кѳрсѳтүлдү. Алар курал менен болгон саптык ыкмалар жана кыймылдар, саптык куралсыз ыкмаларын кѳрсѳтүү, курал чачыш жана чогултуу, кол уруш ыкмалары болду.

Аянттагы шаң аяктаган соң Мекенге кызмат кылууга толук кандуу киришкен жоокерлер чакан концерттик программага күбѳ болушуп, шат-маанайда ата-энелери, салтанатка келген бир туугандары менен баарлаша, кѳкүрѳктѳрүнѳ сыймык толуп, кѳздѳрүнѳн от жанып турганы аземдин катышуучуларынын баарына дем берди.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<