Биргелешкен тоо даярдыгы

Биргелешкен тоо даярдыгы

Overview

2018-жылдын 14-майынан 27-майына чейин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлери менен Индия Республикасынын атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары тоо даярдыгы боюнча жыйын өткөрүшөт.
Индия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары 14-майда ушул максатта Кыргызстанга келишти.


Биргелешкен тренингдердин планы боюнча тактикалык, тоо, ок атуу даярдыктары, ошондой эле тоолуу жер шартында жашоонун техникасы боюнча лекциялар жана практикалык сабактар каралган. Жыйындын катышуучулары тоо рельефи менен климатынын, ошондой эле жекече жана топ (группа) үчүн тоо жабдууларынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп чыгышат; тоо арасында багытты аныктоону, жүрүүчү маршруту түзүүнү, тоодогу дарыялардан өтүүнү, шагылдуу жана карлу рельефтерде жүрүүнү үйрөнүшөт. Жыйын окуу-машыктыруу жүрүшү жана белгиленген маршрут боюнча чыгуу аркылуу жыйынтыкталат.
Индия тарап менен болгон биргелешкен иш-чаралар туруктуу негизде өтүп турат. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын март айында КР ККнын Кургактагы аскерлеринин атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары Индиядагы биргелешкен машыгууга катышып келишкен. Ал эми өткөн жылы ушундай эле машыгуулар Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн.
Жогорудагы тоо даярдыгы боюнча жыйындар КР ККнынГенералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиевдин Индия Республикасына болгон иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт жана тереңдетип кызматташуу, эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосунда тажрыйба алмашууну өнүктүрүү максаттарын көздөдү.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<