Дени тазанын деми таза!

Дени тазанын деми таза!

Overview

2018-жылдын 21-майында КР ККнын Генералдык штабынын башчысынын Кубогун жеңип алуу боюнча кичи футбол жана волейбол оюндарынан турнири КР ККнын Генералдык штабынын Аскер спорт клубунунун базасында өттү. Турнир 2018-жылдын 29-майында белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнүнө арналды.


Турнирге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын командалары катышты.
Спорттук иш-чара КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн спорттук-массалык иш-аракеттерин активдештирүү, аскер кызматчыларынын ден соолугун чыңдоо, спорттук чеберчиликтеринин деңгээлин көтөрүү, КР ККнын аскерлеринин дене тарбия даярдыгынын сапатын жакшыртуу, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашуу жана спорттук өз ара байланышты өнүктүрүү максаттарында өткөрүлүүдө.
Жеңүүчү команда жана жеңүүчүлөр, ошондой эле турнирдин мыкты оюнчулары Кубок, акчалай сыйлыктар, түрдүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Турнир 2018-жылдын 25-майында аяктайт.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<