Эл аралык Кызыл Крест Комитети аскердик дарыгерлерди окутат.

Эл аралык Кызыл Крест Комитети аскердик дарыгерлерди окутат.

Overview

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын  буйругуна ылайык жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясы менен жетишилген келишимдердин негизинде бир айлык курсту отушту мезгилде 44549 аскер бөлүгүнүн базасында аскер-талаа хирургиясы жана чоң жаракат алууларда ыкчам дарыгердик иш-аракеттер боюнча курс болуп өттү. Аталган курста КР КИМК, КР МЧК, КР КК КА, КР КК АКК, КР КК УГ жана КР ӨКМ дарыгерлер тобу катышышты.

Аталган курстун максаты болуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасындагы башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларынын жана кызматчыларынын адистигин жогорулатуу жана алынган көндүмдөрдү мындан ары күнүмдүк иштерде пайдалануу болуп саналат.

Сабактар теоретикалык жана практикалык болуп эки этапта өткөрүлдү. Практикалык сабактардын катышуучулары төрт топко бөлүнүштү: кабыл алуу бөлүмчөсүнүн дарылоо бөлмөсүндө, терапия бөлүмчөсүндө, жана 2 топ оорутпоо жана жан кайруу бөлүмчөсүндө.

Сабак өтүүнүн жетекчилери: Эл аралык Кызыл Крест комитетинин нускоочулары Кинг Сангита (Улуу Британия), Бишвас Сима (Улуу Британия), Лабиб Фатах (Голландия), Инаков Шерзодбек (Өзбекстан), жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясынын нускоочулары Арстанов Эдилбек, Денисов Дмитрий, Омукеева Гулина, Сыдыкова Женишгуль, Койчуманов Сталбек, жана Аширбаев Айбек.

Төмөнкү темалар боюнча сабак окуулар жүргүзүлдү:

– ЭККК ишмердүүлүгү;

– ABCDE принциптерин негиздери боюнча жардам көрсөтүүнүн философиясы;

– Жабырлануучуну алгачкы кароо;

– Дем алуу жолдору жана өпкөнү желдетүү;

– Шок. Шоктун түрлөрү;

– Төш клеткаларынын жаракаттары;

– Курсак жана жамбаш көңдөйлөрүнүн жаракаттары;

– Кош бойлуу аялдардын жаракаттары;

– Балдардын жаракат алуусу;

– Баштын жаракаты;

– Омуртканын жаракаты;

– Аяктардын жаракаты, Аяктардын ампутациясы;

– Күйүк жана үшүк алуу;

– Баллистикалык жарадар алуулар;

– Согуш учурунда тулку бойдун жаракаты;

– Жаракаттардын жана жаракат инфекциясынын негиздери;

– Жабыркагандарды сорттоо;

– Массалык түшүүлөрдү башкаруу.

 

Аталган темалар боюнча тематикалык презентациялар жана видеолор көргөзүлүп, ар бир темадан кийин өткөрүлгөн, сабактын мазмуну боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

Күн сайын бир жарым сааттай практикалык машыгуулар өткөрүлүп, медициналык жабдыктар менен жабдуу боюнча, жаракат алгандарга ар кандай жагдайда кечиктирилгис жардам көрсөтүүдөгү боло турган кыйынчылыктар боюнча талкуулар жүргүзүлүп турду.

Курстун аягында жаракаттан жабыркагандардын массалык түрдө түшүүсүндө дарыгердик иш-аракеттер боюнча, андан сырткары топтордун ичиндеги өз ара аракеттешүү боюнча машыгуу болуп өттү.

Алгачкы дарыгердик жардам, бейтаптарды сорттоо, кечиктирилгис дарыгердик жардам, жабырлануучуларды жеткирүүнү уюштуруу боюнча ар кандай кырдаалдагы маселелер практикалык жактан каралды.

Окуу сабагы өткөрүлүп бүткөндөн кийин, катышуучуларга жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясынын нускоочуларына салтанаттуу түрдө күбөлүктөр тапшырылды.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<