“Эмгек резерви” спорттук коомунда XXI шаардык спартакиада өттү

“Эмгек резерви” спорттук коомунда XXI шаардык спартакиада өттү

Overview

2018-2019 окуу жылынын жаштарды аскерге чейинки даярдоо боюнча негизги иш-чаралардын планына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын 2018-жылдын

18-сентябрындагы №313 “Кесиптик-техникалык билим берүүнүн билим берүүчүлүк уюмдарынын окуучулары арасындагы спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча  шаардык XXI спартакиаданы өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын социалдык өнуктүрүү жана эмгек министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жана “Эмгек резерви” Республикалык дене тарбия жана спорт борбору менен биргеликте башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча XXI-Бишкек шаардык Спартакиаданы 2018-жылдын 24-25-октябрында өткөрдү.

XXI-Спартакиадага Бишкек шаарынан 7 команда жана Чүй областынын Кант шаарынан 1 команда катышты. Команданын курамы 16 окуучудан турат.

Спартакиаданын ачылыш аземи 2018-жылдын 24-октябрында Эмгек резерви” Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун стадионунда өткөрүлдү. Ачылыш аземине “Эмгек резерви” Республикалык дене тарбия жана спорт борбору директору У.Эралиев, Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Ч.Буржуев, Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Бакалов, Жоокерлер энелеринин республикалык комитетинин төрайымы У. Байгубатова, КР КИМК АБЖОББнун альтернативдик кызматты өтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы подполковник Т.Калидулдаев катышты.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук аскер үйүнүн аскердик-көрсөтүүчүү оркестринин өздүк курамынын атайын көрсөтмөлөрүн, Улуттук Гвардиянын өздүк курамы саптык даярдык элементтерин, кол менен кармашуу жана тактикалык эпизоддордун элементтерин көрсөттү.

Жогоруда айтылган ведомстволор биргеликте бекиткен “Жаштарды аскерге чейинки даярдоо боюнча башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында XXI-Бишкек шаардык Спартакиаданы өткөрүү  жөнүндө» жобого ылайык спорттун аскердик-колдонмо түрлөрүнүн төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү:

  1.                  Саптык даярдык (команда курамында);
  2.                  Курал менен баштапкы көнүгүүлөр;
  3.                  Күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр;
  4.                  100 метрге чуркоо;
  5.                  Команданын курамында 1 км чуркоо;
  6.                  Чуркоонун 4 түрүн бириктирип ыкмалаштырылган эстафета;
  7.                  Алыстыкка граната ыргытуу;

Мелдештин жыйынтыгында:

1-орун Бишкек шаарынын №5 кесиптик лицейинин командасына;

2-орун Бишкек шаарынын №20 кесиптик лицейинин командасына;

3-орун Чүй облусунун Кант шаарынын №25 кесиптик лицейинин командасына ыйгарылды.

2018-жылдын 25-октябрында XXI-спартакиаданын сыйлоо аземи болуп өттү. Жеңүүчү командалар Башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги тарабынан даярдалган дипломдор, Баткен окуясынын ардагерлер кеңеши даярдаган кубоктор, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан сатып алынган 3 даана “Байкал” пневматикалык мылтыктар, медальдар жана диплом, грамоталар менен  сыйланышты.

 

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

Your e-mail address will not be published.
Required fields are marked*