Эне тил майрамы

Эне тил майрамы

Overview

2019-жылдын 19-февралында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата «Эл дөөлөтү – эне тил» аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага КР Өкмөтүнүн Аппаратынын редакциялоо секторунун эксперти, КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Ысмайыл Кадыров, Эл аралык поэзия академиясынын академиги, Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалаев, «Ыйман» руханий өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, «Алыкул» атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Бердибек Жамгырчиев, «Улуу тилегим» аттуу ыр жыйнагынын автору, акын Умар Нусубалиев, «Жаӊы толкун» адабий клубунун мүчөсү, акын Болот Мамбетисаев катышышты. Алар өз калемине таандык чыгармаларын аткарып, эне тил тууралуу кызыктуу маек куруп беришти

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги кыргыз элинин руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга, маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн конокторго ыраазычылык билдирди.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

Your e-mail address will not be published.
Required fields are marked*