Индиялык кадеттер Кыргызстанда

Индиялык кадеттер Кыргызстанда

Overview

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи менен Индия Республикасынын Улуттук кодеттик корпусунун ортосундагы өз ара түшүнүү Меморандумунун алкагында, 2018-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейинки мезгилде индиялык тараптын кадеттеринен турган топ Бишкек шаарына келди.

Аталган меморандумдун алкагында КУАЛ менен Индия Республикасынын Улуттук кадеттик корпусунун ортосундагы билим берүү, өспүрүмдөрдү жогорку аскердик окуу жайларга тапшырууга кесиптик багыт берүү маселелери тууралуу кызматташтык каралган.

Индиялык кадеттер Кыргыз Республикасында жүргөн учурда КУАЛдын окуу процесси, тарбиялануучулардын жашоо шарттары менен таанышмакчы.

Индиялык кадеттердин келүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чарада КУАЛдын тарбиялануучулары ок атуучу куралдарды колдонуу элементтерин, мушташтын ыкмаларын көрсөтүштү.

Андан сырткары, конокторго кыргыз элинин тарыхы, үрп-адаты, каада салттары тууралуу көргөзмөлөр көрсөтүлдү жана музейлерге,   анын ичинде Ч.Т. Айтматовдун музейине,  КР КК Кургактагы аскерлеринин аскер бөлүктөрүнө баруу уюштурулду.

Буга чейин, 2017-жылы жана 2018-жылдын башында тарбиялануучулар Индиядагы кадеттик корпусту көрүп келишкен жана 2019-жылдын февраль айында лицейдин тарбиялануучуларынын Индияга кезектеги барып келүүсү пландалууда.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<