Келечектеги офицерлердин ант берүүсү

Келечектеги офицерлердин ант берүүсү

Overview

Советтер Союзунун баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын салтанаттуу ант берүү аземи ѳткѳрүлдү. Ант берүү эзелтеден келе жаткан салтанаттуу түрдѳ эл астында берилүүчү убада. Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы полковник Тердикбаев Эрлис Жекшенович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн ардактуу коноктор генерал-майор Алымкожоев А.Т.,Мамыркулов А.Б., Тиленов З.К жана ата-энелер катышышты. Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы полковник Тердикбаев Эрлис Жекшенович ѳз куттуктоосунда тарбиялануучуларды жакшы окуп, тартипти бузбай албан албан ийгиликтерге жетишип ден-соолукта болоорун каалады. Тарбиялануучулар, келген конокторго кол-мушташ ыкмаларын жана курал менен саптык даярдык ыкмаларын кѳрсѳтүштү. Кыска мѳѳнѳттѳ түзүлгѳн хор ийриминин тарбиялануучулари конокторго «Кыргыз жерим», «Бравые солдаты» ырларын аткарып беришти. Квартетттин аткаруусунда 2-окуу ротасынын тарбиялануучулари ;- Рысбаев Данияр, Эсенгельдиев Абубакир, Камчыбеков Дастан, Съездбеков Адилет «Кыргызстан» аттуу ырын тартууласа  «Жоокерге»  аттуу ырын 1-окуу ротасынын тарбиялануучусу Алтынбек уулу Арген жана «Өркүндөй бер, Мекеним!» аттуу ырын, ыр ийриминин башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн кызматкери Турарбек к. Бурулча менен мураскер Камчыбеков Дастан аткарышып кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толду.

Кыргыз улуттук аскер лицейинен 100дөн ашуун тарбиялануучулар ант беришти. Бул аскердик мекемеге кабыл алуу үчүн артыкчылык жакшы физикалык даярдыкка жана жалпы билим берүү сабактары боюнча мактоого татыктуу тапшыруучуларга берилет. Булардын ичинен 70% дан ашыгы айыл жергесинде жашаган чоң үй-бүлөлөрдүн балдары.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<