Кузгу чакыруу

Кузгу чакыруу

Overview

2018-жылдын 4-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу башталат.

 

18-25 жашка чейинки чакыруу жаш курагындагы, чакырылуудан убактылуу бошотуусу, же болсо бошотуусу жок бардык жарандар чакыруу комиссиясын өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариатына келүүгө милдеттүү.

 

2018-жылы күзүндө чакырууга пландалат:

– КА, АЧК, КИМК, МЧК, УГ түзүмдөрүн, бөлүктөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрүн комплекттөө үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө бир нече миң жаран. Биринчиден аскер бөлүктөрүнө улуу чакыруу курактагы (20 жаш жана андан улуу), жогорку окуу жайларды бүткөн жана жогорку, орто-техникалык, орто-кесиптик билими бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө керектүү ар түрлүү адистиктери бар жарандар чакырылат;

 

Ошондой эле, альтернативдик кызматка чакырылууга тийиштүү жана укугу бар жарандар альтернативдик кызматка чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырылуучу контингенттин сапатын жакшыртуу үчүн 2018-жылы күзүндө жыйын пункттарында чакырылуучулардын дене-түзүлүшүнүн деңгээлин, моралдык-иштик сапатын аныктоо үчүн тесттерди өткөрүү менен текшерүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгында ар бир чакырылуучу туураалуу чечимдер кабыл алынат.

 

Чакыруу 2018-жылдын ноябрь айынын башына чейин созулат.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

Your e-mail address will not be published.
Required fields are marked*