Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин сыйлыктары

Башкы бетке өтүү

 


Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери бойунча малмлекеттик комитетинин сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө өзгөчө аскердик кызматтары, аскердик милдетин аткарууда жогорку кесипкөй чеберчилиги, күжүрмөн даярдыктагы жана аскердик тартиптеги эң жакшы көрсөткүчтөрү, окууларда өзгөчө айырмачылыктары, кошуундарды жана бөлүкчөлөрдү билгичтик менен жетектөө, аскер кызматын өтөө мезгилинде эрдиги, өз жанын аябагандыгы жана башка сиңирген эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын сыйлоо формасы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери бойунча малмлекеттик комитетинин сыйлыктарына Коргоо министрлигинде белгиленген медалдар, төш белгилер, белгилер, грамоталар кирет.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери бойунча малмлекеттик комитетинин сыйлыктары менен КР ККнын аскер кызматчылары, КР КК алдында өзгөчө сиңген эмгектери бар жана КРнын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө ишине өзүнүн чоң салымын кошкон чет мамлекеттердин аскер кызматчылары, ошондой эле КРнын жарандары сыйланышы мүмкүн.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде төмөнкүдөй ведомстволук сыйлыктар бар: