Лицейдин тарбиялануучулары Индияда

Лицейдин тарбиялануучулары Индияда

Overview

Кыргыз улуттук аскер лицейи менен Индия Республикасынын Улуттук кадеттик корпусунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана тажрыйба алмашуу жөнүндө меморандумдун алкагында, ушул жылдын январында КУАЛдын тарбиялануучулары Индия Республикасынын Күнүн майрамдоо мезгилинде Улуттук кадеттик корпуска чакырылган.

Биздин тарбиялануучулардын Индияда өткөн эки жумасы жемиштүү болду. Маданий программанын алкагында алар музейлерге, байыркы сепилдерге, өлкөнүн ар түрдүү региондорунун мемориалдык комплекстерине барып, индия элинин тарыхы менен таанышып кайтышты.

Дүйнөнүн сегиз укмушунун бири болгон, Джамна дарыясынын жээгинде Аграда жайгашкан “Тадж-Махал” архитектуралык мемориалдык комплекске, Альберт музейине баруу биздин балдарга унутулгус таасир калтырды. Музейдеги негизги экспонаттар болуп, байыркы куралдар жана жарак-жабдыктар эсептелет.

КУАЛдын тарбиялануучулары Непал, Бутан, Бангладеш, Шри-Ланка, Вьетнам, Сингапур, Мальдив аралдары, Россия жана Казакстандан келген курдаштары менен таанышышты. Слеттун жүздөн ашык катышуучусу өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди, өкмөттөгү жогорку постту ээлеген биринчи аял, коргоо министри Нирмали Ситхараман жана башка индия армиясынын, аскер-деңиз флотунун жогору турган офицерлери катышкан Индиянын Көз карандысыздык күнүнө арналган парадга саптык даярдык боюнча машыгуудан өтүштү.

Кадеттердин урматына ар түрдүү өлкөлөрдүн атынан Индиянын премьер-министринин, коргоо министринин жана Улуттук кадеттик корпустун резиденциясында түшкү тамактар уюштурулду.

Индиялык кадеттер өздөрүнүн курдаштары үчүн ат оюндарын жана музыкалык шоу даярдашкан. Мындай иш-чараларды Улуттук кадеттик корпустун түзүмдүк бөлүкчөлөрү көрсөтөт. Алардын негизги окуу программасы армия жана флот үчүн ушул класстагы адистерди даярдоого багытталган. УКК курамына Индиянын аймагы боюнча жүздөгөн бөлүкчөлөр кирет жана анда нечендеген өспүрүмдөр жана кыздар билим алышат. Азыркы премьер-министр Нарендра Моди дагы ушул кадеттик корпустун бүтүрүүчүсү. Жогоруда белгиленгендей баруунун негизги окуясы болуп, биздин тарбиялануучулардын Нью-Делидеги аскер парадына катышуусу эсептелет.

Тажрыйба алмашуу программасы боюнча жаш кадеттердин жолугушуусу салтка айланып калган. Мисалга алсак, өткөн жылдын октябрында индиянын кадеттери таанышуу максатында Кыргызстанга келип кетишкен. Тараптар мындан ары дагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<