Маалымдама маалымат

Башкы бетке өтүү

           КЫРГЫЗ УЛУТТУК АСКЕР ЛИЦЕЙИНИН ТАРЫХЫ

Кыргызстан Комуннистик партиясынын 60 жылдыгы атындагы Республикалык атайын  мектеп – интернаты (РАМИ)  1983- жылы Кыргыз ССР Компартиясынын БКнын 1982- жылдын 30 –декабрындагы «Фрунзе шаарында Республикалык атайын мектеп – интернатын түзүү» жөнүндөгү Токтомунун негизинде түзүлгон. 1984 – жылдын    5 – октябрында Республикалык атайын мектеп – интернатынын салтанаттуу ачылышы болуп, окуу жайдын башчысына вице – адмирал  М.С.Темиров дайындалган.

1986 – жылдын июнь айында РАМИ өзүнүн алгачкы 120 бүтүрүүчүсүн окутуп чыгарган.Алардын бардыгы мурунку СССР жогорку аскердик окуу жайларына ийгиликтуу тапшырып жана окуп бүтүрүшкөн. РАМИ 1990 – жылы СССРдин ушул сыяктуу 29 окуу жайынын ичинен эӊ мыкты деп табылган

СССРдин таралышынан кийин 1994 –жылдын 6 –майындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин№70 – ПУнун Жарлыгы менен РАМИнин базасында Кыргыз мамлекеттик  улуттук аскер лицейи негизделген.

Аскер лицейинин негиздөөчүсү болуп Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Асанов Дайыр Асанович эсептелет.

Окуу жайга 2005-жылдын 30-апрелиндеги КРнын Президентинин №148-ПУнун Жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Асанов Дайыр Асановичтин ысымы ыйгарылган.2006-жылдын16-январындагы КРнын Өкмөтүнүн №22-Токтомунун негизинде Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи  КРнын Коргоо министринин кароосуна өткөн жана Кыргыз улуттук аскер лицейи деп өзгөртүлгөн.

 

КУАЛга жалпы негизги билими тууралуу  9- классты куболук менен:

Лицейге  тапшыруу 3 этапта жүргүзүлөт.

1.атайын медициналык кароодон өтүү;

2.дене тарбия боюнча нормативдик сынак тапшыруу.

3.билими боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү,

 

Тапшыруучу талапкерден талап кылынуучу документтер:

1.КУАЛдын башчысынын наамына жазылган ата-энесинин арызы;

2.Талапкердин  туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү нотариус аркылуу тастыкталган;

3.Өмур баяны (1-өздүк кол жазма менен ,1-форматтык үлгүдө)

4.Ата –энесинин жашаган жери жана үй-бүлөсү тууралуу аныктама;

5.Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү;

6.Мектептин мүдүрү тарабынан бекитилген, класс жетекчисинин  педогогикалык мүнөздөмөсү;

7.төрт  3х4 форматындагы сүрөт (баш кийимсиз)

 

Ата-энеси жок жана туугандарынын кароосундагы талапкерлерден талап кылынуучу документтер:

1.Ата-энесинин каза болгондугун тастыктаган документтин  көчүрмөсү.

2.Соттун чечимин күбөлүндүргөн документтин  көчүрмөсү.

 

Медициналык кароонун негизинде конкурстан тышкары тестирлөөсүз өтө турган талаперлер:

  1. Аскедик кызмат өтөө мезгилинде каза болгон жарандардын балдары .
  2. Ата- энесиз тарбияланган аскер адамдарынын балдары( өлүмү тууралуу нотариус аркылуу тастыкталган күбөлүктүн көчүрмөсү);
  3. Кыргыз Республикасынын Баатырларынын балдары.

 

КУАЛдын окуу- тарбиялык,материалдык базасы:

– 30 класс – комплект жана башка кызматтык, көмөкчү жайлар менен окуу корпусу;

– 50 орундук китепкана, 2 компьютердик класс;

– стандарттуу  типтеги спорт залы;

– спорт аянтчасы;

– футбол аянтчасы;

– волейбол аянтчасы;

–  ок атуу тири;

– 400 орундук клуб;

– бассейн;

– 250 кишилик  2 жатакана;

– ашкана.

– медициналык пункт.

КУАЛ негизделген 1986-жылдан азыркы мезгилге чейинки бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн саны 3249 киши.

 

Лицейде иштеп кеткен жетекчилер:

  1. Контр-адмирал Темиров Марат Сариевич –  1983ж.-1984 ж.
  2. Генерал-майор Асанов Даир Асанович – 1984ж. -1996ж.
  3. Полковник Асивеев Сагынбек Сантаевич – 1996ж. – 2006ж.
  4. Генерал-майор Жумагулов Малик Мукаевич – 2006ж.-2007ж.
  5. Полковник Койтокуров Сулайман Абдылдаевич – 2007ж.-2008ж. 2010ж-2011ж.
  6. Полковник Талдыбаев  Абай  Кыргызбаевич – 2008ж.-2010ж.
  7. Полковник Абдуллаев Равшанбек Туланбаевич – 2015ж.- 2016ж.
  8. Полковник Бейшенов Мурат  Бейшенович – 2016ж.-2018ж.
  9. Полковник Узбеков Дакир Сатыбалдиевич 2011ж-2015ж 2018ж.азыркы   учурга чейин.

 

Жыйынтык.

2018-жылы 77 бүтүрүүчү аскер лицейин ийгиликтүү бүтүрүп чыгышууда.аскер лицейинен 3500дөн ашуун мураскерлер билим алып чыгышты,алтын медаль менен 8 мураскер,күмүш медаль менен 4 мураскер бүтүрүүчү болуп чыгышкан.Азыркы убакта аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү Россия,Турция,Германия,Индия,Казакстан,Азербейджан республикаларында аскердик жогорку билим алышууда.