Маалымдама маалымат

Башкы бетке өтүү

КР КК Аскер институтунун тарыхы жөнүндө тарыхий маалымат

1940 – жылдын 6-ноябрында Одесса шаарындагы 21-авиациалык дивизиянын базасында Одесса аскердик авиациалык пилоттор мектебин тургузуу башталган. Кызыл армиянын 23-жылдык маарекесинин алдында Одесса аскердик авиациалык пилоттор мектеби ишмердигин баштаган. 1941-жылдын 23-февралы Элдик Коргоо Комиссарынын 5.02.1941-жылдагы №048- буйругу менен Одесса аскердик авиациалык пилоттор мектебинин жылы деп жарыяланган.

СССРдин ЭКК 1940-жылдын 6 ноябрындагы №0065-буйругу менен тузулгон Одесса аскердик авиациялык пилоттор мектебинин биринчи командири болуп, Серпухов учкучтар окуу мектебинин мурдагы башчысы Мительман Яков Борисович дайындалган жана мектептин курамын толуктоо 1941-жылдын 23-февралында аяктаган.

1941-жылы аталган окуу жайды Киргизиянын борбор шаары Фрунзеге кочуруу аракети башталып Киргизия менен Казахстандын тылында курсанттары учкучтук даярдоо окуусу башталган. 1941-жылдын январынан апрелине чейинки мезгилде окуу жайдын материалдык базасын даярдоо, окуу жайдын окуу шарттарын тузуу башталган. 1942- жылдын 3 – январында маанилүү окуя – курсанттардын биринчи бүтүрүү болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары учкучтарды даярдоо ишинде биздин окуу жайдын салымы маанилүү. Согуш убагында мектеп 1500 учкучту фронтко даярдап берген.

            1945 –жылдын августунда Одесса аскердик авиациялык учкучтар мектеби “Кызыл Армиянын Асман чабуулунан коргонуунун кыйраткыч авиациясынын учкучтарынын Одесса аскердик окуу жайы” деп кайра аталган. 1947 – жылдын майынан баштап олконун Аскердик – Аба Кучтөрү аскер окуу жайларынын тутумуна кабыл алынып полктук тутумга өткөрүлгөн.

1947- жылдын училища СССР ААК  учкучтарынын Фрунзе Аскер училищасы болуп кайра аталган. Училищанын жалпы өздүк курамынын эмгегинин натыйжасында 1945- жылдан 1947- жылга чейин 2573 учкуч- кыйтаркыч даярдалган. 1952 – жылдан 1957 – жылга чейин 1164 учкуч реактивдүү  учактарды өздөштүргөн.

1955 – жылдын 20-декабрында авиациялык адистиктерге окуу үчүн 15 адам санында чет элдик аскер кызматчылардын биринчи тобу келген. 1958 – жылы училища бошотулган өлкөлөр үчүн авиацыялык кадрларды даярдоого толугу менен өткөн. 1955 – жылдан 1992- жылга чейинки мезгилде аскердик кадрларды даярдоо жана жакшыртуунун 5-чи Борбордук курстарында 54  өлкөнүн ичинде 10 авиациялык адистик боюнча 21682 адам, анын – радист, 8998 авиатехник алардын катарында: 5698 учкучтар, 749 штурмандар, 469 согуштук башкаруу офицерлери, 165 аткыч-радистер, 8998 авиациалык техниктер даярдалган.

Биздин бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өздөрүнүн өлкөсүндө мамлекеттик жана аскердик аппараттарда жогорку кызмыт орундарын ээлешкен. Алардын арасында: Хосни Мубарак – Египеттин Президенти, Хафез Асад – Сириянын президенти, Ахмед Хусейн – Мозанбиктин Аскердик – Аба Күчтөрүнүн командачысы, авиациянын маршалы Дильбах Синг – Индиянын Аскердик – Аба Күчтөрүнүн Командачысы. Советтер Союзунун жана Монголиянын Баатыры генерал Жугдэрдэмида Гуррагчча – Монголиянын Коргоо министри болушкан.

1991 – жылы Эгемендуулукту алгандан кийин КР КК түзүлүшү менен окуу жайы билим берүүдө авиация адистерин, аскердин бардык түрлөрү үчүн коргоо взводдун командирлерин, чек араны даярдоого өтүштү.

1995 – жылы училища Бишкек аскердик техникалык – учкучтар авиациялык училищасы деп аталды.

1998 – жылы БВАЛТУ курсанттарынын ичине чек ара офицерлерин даярдап башталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык № УП 184 15.08.2000 – жылы Бишкектеги аскер авиациалык учкуч техникалык училищасы КР КК Бишкек жогорку аскердик окуу жайы деп аталып, жалпы аскердик факультетте Кфргыз Республикасынын Коргоо министрлиги учун жогорку квалификациядагы офицердик кадрларды даярдап келет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 30.04.2005-жылдагы № 147 – Указына ылайык Советтер Союзунун Баатыры генерал – лейтенант К.Усеновдун аты ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 612-Указына ылайык Советтер Союзунун Баатыры генерал – лейтенант К. Усенбековдун атындагы Бишкек Аскер жогорку окуу жайы Советтер Союзунун Баатыры генерал – лейтенант К.Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучторунун Аскер институту болуп озгортулгон.

 Азыркы учурда жалпы аскердик жана чек ара адистиги боюнча окуутуу журуп жатат.

1994 – 2003-жылдар аралыгында 786 авиациалык жана 99 чек ара адистиктери боюнча окуусун аяктаган.

2005-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 830 мотоаткычтар жана 329 чек арачылар окуусун бутургон.

Аскердик институтта окутуу 4 жылдык окуу программасынын алкагында, “Бакалавр” денгээлин ыйгаруу менен томонку кафедраларда жургузулот:

  • Тактикалык даярдоо кафедрасы;
  • Ок атууга даярдоо кафедрасы;
  • Техникалык даярдоо кафедрасы;
  • Дене тарбиялык даярдоо жана спорт кафедрасы;
  • Гуманитардык дисциплиналардын кафедрасы;
  • Мамлекеттик тил жана чет тилдер кафедрасы;
  • Табигый илимий дисциплиналардын кафедрасы;
  • Чек ара ишмердүүлүгү боюнча кафедрасы.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Кучтордун Аскер институту