Мамлекеттик тил күнүн утурлай

Мамлекеттик тил күнүн утурлай

Overview

2018-жылдын 17-сентябрында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо жана терминология бөлүмүнүн башчысы   Молдоканов Аалы, «Кыргыз тили» Республикалык коомунун президенти Курбанов Райымжан, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, манасчы жана этно бийчи, айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын небереси Тургунаалы Жусуп Мамай катышып, Коргоо комитетинин өздүк курамына мамлекеттик тилдин тарыхы, өнүгүшү, мамлекеттик тилдин жана маданияттын сакталышынын маанилүүлүгү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялык облусундагы кыргыз тилинин абалы тууралуу кызыктуу маек куруп беришти. Өздүк курамга мамлекеттик тил жана анын калыптанышына салым кошкон көрүнүктүү инсандар тууралуу слайд көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аскер институтунда өткөн “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошкон инсандар” темасындагы дил баяндын жеӊүүчүсү, 1-курстун курсанты Акылбеков Нурсултандын дил баяны окулуп,
1-курстун курсанты Алманбет уулу Аттокурдун көркөм окуусунда Марс Сейдакматовдун Касым Тыныстановго арналган «Эл уулу» аттуу чыгармасы угулду.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы буйругу менен коноктор жана өздүк курам грамота менен сыйланды.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

Your e-mail address will not be published.
Required fields are marked*