Медицина кызматынын башчыларынын жыйыны

Медицина кызматынын  башчыларынын жыйыны

Overview

2019-жылдын 15-апрелинен 19-апрелинде чейин КР КИМК 44549 аскер бөлүгүнүн базасында жыйын өтүүдө. Жыйынга Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын аскер бөлүктөрүнүн жана кошуундарынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Кургактагы аскерлеринин, Абадан кол салуудан коргонуу жана Улуттук гвардиянын  медицина кызматынын пунктарынын жана дарыканаларынын башчылары катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар дары-дармек каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу, берүү жана сактоо, жумушчу жана  кызматтык документтерди тариздөө тартиби боюнча КР өкмөтүнүн  жетектөөчү документтери,  токтомдору, буйруктары КР КК ГШ жана КИМК буйруктары жана тескемелери, оорулууларды жаткыруу жана өздүк курам арасында жаракат алуулардын алдын алуу эрежелери менен тааныша алышат.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<