Мейманкана тууралуу

Башкы бетке өтүү

«Семетей» мейманканасы – Бишкек шаарынын борборунда көп
кабаттуу имаратта жайгашкан заманбап мейманкана. Сиздерге ар түрлүү
класстагы баардыгы биригип 39 люкс, жарым луюкс, стандарт номерлерди,
кафе жана 50 адамга эсептелген конференция өткөрүүчү жайды сунуштайт.
Ар бир номерде сыналгы, муздаткыч, телефон, душ, интернет жана
кондиционер, ар бир кабатта эс алуучу холл бар. Мейманкананын тегерек
чети жашылдандыры, тосулган, эс алууга ыңгайлуу жана унаа токтотуучу
жери кайтарылат. Мейманканага Ала-Тоо аянты, Өкмөт үйү, Тарых музейи,
сейилдөөчү парктар, көңүл ачуучу жана көптөгөн маданият мекемелери жакын жайгашкан.
Сиздерди кабагы ачык кызматчылар жылмайып тосуп алып, ыңгайлуу
номерлерге жайгаштыруу менен бардык мүмкүн болгон иштерди аткарышат.
«Семетей» мейманканасы – Сиздердин жагымдуу эс алууңузга кам көрөт.