Мобилизациялык резервдин жыйынын Түндүк региондогу 4-этабы

Мобилизациялык резервдин жыйынын Түндүк региондогу 4-этабы

Overview

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей  аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” ,Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтомунун жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун негизинде 2018-жылдын 18-октябрынан баштап мобилизацияалык резервдин жыйынын өтөөнү каалаган 25 жашка толгон жана жогорку жарандарды тандоо боюнча Кыргызстандын түндүгундө 4-этап башталды.

Ушул максатта кезектеги резервдин катышуучулары (эки жүздөн ашык адам) мобилизациалык резервдин бир айлык курсун өтүү үчун Кургактагы аскерлердин 20636 аскер бөлүгүнө (Балыкчы шаарына) жөнөтүлдү.

Бул жылдын  мобилизациялык резервдик жыйындарынын өзгөчөлүгү болуп баардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей  аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөрүүлөрдүн негизинде өтүү болу саналат.

Азыркы убакта ушул өзгөрүүлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары, мурун ден соолугунун абалына байланыштуу альтернативдик кызматты өткөн жана анык аскердик, альтернативдик кызматтады  ар кандай себептерден улам өтпөй калгандар, 1-категориядагы аскер билетин алууга мүмкүнчүлүк берилди жана мамлектттик органдарда иш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бир айдын ичинде  мобилизациялык резервдин жыйынына чакырылган жарандар аскер бөлүгүнүн офицерлеринин жетекчилигинде атайын даярдалган окуу программасы менен аскердик ишин окушат.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<