“Мурас” бала бакчасынын ачылышы

“Мурас” бала бакчасынын ачылышы

Overview

2018-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин №110 «Мурас» бала бакчасы тарбиялануучуларына кайрадан өзүнүн эшигин ачты.

«Мурас» бала бакчасы – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек гарнизонунун аймагындагы КР КК аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин аскер кызматчыларынын, кызматчыларынын жана жумушчуларынын балдарын тарбиялоо жана билим берүү менен алектенген ведомстволук мектепке чейинки билим берүүчү мекеме.

32 жылдан бери бул мекемеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Акыркы 5 айда «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын күчү менен бала бакчанын аймагына тийиштүү корпустарды оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Аскер куруучуларынын айтуусунда жүргүзүлгөн оңдоо иштери бардык курулуш ченемдерине жана эрежелерине туура келет.

КР КИМК жетекчилигинин чечими менен бала бакчанын бардык эмеректери, жабдуулары жана жууркан-төшөк керек-жарактары жаңыланды. Мисалга алсак, тамак-аш блогу жаңы плита, шкаф, электр эт майдалагычы жана толук кандуу кармоо үчүн башка керектөөлөр менен жаңыланды. Иштин жүрүшүндө негизги  көңүл мекеменин тарбиялануучуларынын жана жумушчуларынын коопсуздугун камсыздоого бөлүндү. Бардык жайларда учурдун талабына ылайык өрткө каршы коопсуздук системасы орнотулду, андан сырткары, балдарды видео көзөмөлдөө жүргүзүлөт. Эшиктеги оюн аянттары жаракатты азайтууга арналган резина менен жабдылды.

Ачылышка катышкан ата-эне өзүнүн төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү: «Менин балам өзүнүн бала бакчасын тааныбай калды. Ал бул жаңы бала бакча деп ойлоду, мен бул анын оңдолгон эски бала бакчасы  экендигин айтсам аябай таң калды. Өз убагында чыгарган чечими жана эмгеги үчүн КР КИМК жетекчилигине жана аскер курулушчуларына рахмат айтам», – деди ыраазы болгон ата-эне.

Жаңыртылган бала бакчанын ачылышында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник Э.Дж. Тердикбаев балдардын бул бала бакчада мектепке чейин билим алып, андан ары жалпы билим берүү мектебинде окуусун ийгиликтүү улантуу үчүн 50 балага ылайык жаңы корпустун курулаарын жарыялады.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<