Мыкты жоокер-2018

Мыкты жоокер-2018

Overview

2018-жылдын 15-майынан 18-майына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн кошуундары, бѳлүктѳрү жана мекемелери арасында Куралдуу Күчтѳрдүн 26 жылдыгына арналган «Мыкты жоокер» сынагы ѳткѳрүлдү.
Сынакты ѳткѳрүү мѳѳнѳттүү аскер кызматындагы жоокерлердин күжүрмѳн даярдыгынын деңгээлин кѳтѳрүү, алардын башка кесиптерди жакшы ѳздѳштүрүүсүнѳ жетишүү, аскердик кызматка үгүттѳѳ, ошондой эле аскердик-патриоттук тарбияны чыңдоо максаттарын кѳздѳдү.


Сынакка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Кургактагы аскерлердин, Абадан кол салуудан коргонуу күчтѳрүнүн Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын курама командалары катышты. Ар бир каманда мѳѳнѳттүү аскер кызматындагы үч жоокерден, жеринде алдын ала ѳткѳрүлгѳн сынактардын жеңүүчүлѳрүнѳн- күжүрмѳн окуунун мыктыларынан куралды.
Сынактын программасына саптык, ок атуу, жалпы жарандык, инженердик, чалгындоо даярдыктарынан зачет, ошондой эле КР ККнын Жалпы аскердик уставдары боюнча билимдерин кѳрсѳтүү, БМП, БТР аткыч куралдардын тактикалык-техникалык мүнѳздѳмѳлѳрү, ок атуудагы коопсуздук чаралары, байланыш каражаттарында практикалык иштер жана музыкалык номерлер камтылган.
Сынактын жыйынтыгындагы топтолгон упайлар боюнча орундар тѳмѳндѳгүчѳ бѳлүштүрүлгѳн:
— 1-орунду КР ККнын Кургактагы аскерлеринин курама командасы ээлеген;
— 2-орунду КР ККнын Улуттук гвардиясынын курама командасы;
— 3-орунга КРдин чек ара кызматынын курама командасы чыккан.
Жеңүүчүлѳр «Мыкты жоокер» тѳш белгилери жана дипломдор, ошондой эле кыска мѳѳнѳтѳгү эс алуу күндѳрү менен сыйланышкан.
Жеңүүчүлѳрдү куттуктайбыз!

 

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<