Офицерлер корпусу толукталды

Офицерлер корпусу толукталды

Overview

КР КК Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтөрдұн Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү кечеси 2019-жылдын 28-июнунда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында болуп өттү.

Жаш офицерлерди алардын жашоосундагы маанилу учуру менен куттуктоо учун Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник Эрлис Тердикбаев, өкмөттүн өкүлдөрү, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Аскер институтунун жетекчилиги ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн туугандары жана жакындары катышты.

Бүтүрүүчүлөр оркестр маршынын коштоосунда сапка тизилип келишип, аскердик билим алуу учурунда жагымдуу «алтын уяга» айланып калган окуу жайдын күжүрмөн Туусунун чыгарышын салтанаттуу тосуп алышты. 60 – бүтүрүүчүлөрдүн курсанттык погондору жаркыраган лейтенанттын жылдыздары менен алмаштырылды, алгачкы аскердик жылдыздар менен жогорку аскердик билими тууралуу дипломдор аскер жетекчилери тарабынан тапшырылды.

Жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө салтанатуу маанайда төш белгилер жана жогорку билими тууралуу дипломдор берилди, ал эми алардын арасындагы 10 бүтүрүүчүсүнө — окууда өзгөчөлүгүн көрсөтүп институтту кызыл диплом менен аяктап жаткандарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын колунан дипломдор тапшырылды.

Генералдык штабдын башчысы генерал-майор Раимберди Дүйшенбиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө жаш лейтенанттардын аскер окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп жатышкандыктары менен куттуктады. Офицердик корпустун мамлекеттин көз карандылыгын коргоодо маанилүүгүн баса белгиледи жана мындан ары Кыргызстандын тынчтыгы, гүлдөп өнүгүүсү үчүн сыймык менен, чынчылдык менен, чын дилден кызмат кылгыла деп насаат калтырды.

Иш-чаранын адаттагы салтанаттуу бөлүгү аяктагандан кийин жаш офицерлер баш кийимдерин чечишип, тизе бүгүү менен Аскер институтунун күжүрмөн Туусу менен коштошушту. Бул аскердик ритуал менен алардын дарегине карата айтылган калоо- тилектерден кийин, салтанаттуу иш-чарага салтка айланып келе жаткан офицердик вальс коштолду, андан соң жаш лейтенанттар аскердик марштын коштоосунда аянттан салтанаттуу түрдө басып өтүшү менен иш-чара жыйынтыкталды.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<