Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы

Башкы бетке өтүү
Тердикбаев Эрлис Джекшенович

Аскер наамы: полковник

Аты-жөнү: Тердикбаев Эрлис Джекшенович

Ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы

Кызматка дайындалган дата: 20.04.2018-ж.
Туулган жылы: 27.05.1969-ж.
Туулган жери: Чүй областынын Ысык-Ата районунун Ысык-Ата совхозу
Улуту: кыргыз
Билими, окуу жайын аяктаган жыл:  Алма-Ата жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайы 1990-ж.
                                                                 РФ КК Жалпы аскердик академиясы 2004-ж.
                                                                 РФ КК Генералдык штабынын Аскер академиясы 2014-ж.

АСКЕРДИК КЫЗМАТ

 Аскер окуу жайын бүтүргөндөн кийин 1990-жылдын 27-июнунан баштап СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Закавказье аскер округунун
мотоаткычтар взводунун командири кызматында кызматын баштаган.

1993-жылдан 2002-жылга чейин КР КК аскер бөлүктөрүндө мотоаткычтар ротасынын командири кызматынан баштап өзүнчө батальондун командири кызматына чейин офицердик кызматтарда кызмат өтөгөн.

2002-жылдан 2004-жылга чейин РФ КК Жалпы аскердик академиясында угуучу.

2004-жылдан 2012-жылга чейин КР КК өзүнчө батальондун, бригаданын командири, Аскер институтунун башчысынын орун басары, Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын башчысы кызматтарында кызмат өтөгөн.

2012-жылдан 2013-жылга чейин жана 2014-жылдан 2017-жылга чейин Регионалдык командачылыктын кол башчысы кызматын ээлеген. 2017-жылдан 2018-жылга чейин КР КК Кургактагы аскерлеринин кол башчысы кызматын ээлеген.

Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.