Салтанаттуу ант берүү аземи

Салтанаттуу ант берүү аземи

Overview

Жакында 2018-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунунда чет өлкөлөрдөгү жогорку аскер окуу жайларына тандалып алынган курсанттардын ант берүү аземи белгиленип өттү.

Салтанаттуу ант берүү аземи Аскер инситутунун сапттык плацына Күжүрмѳн байракты киргизүү салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Бул кызыктуу учур, түбөлүк жаш курсанттардын эсинде кала берет, анткени алар тандаган кесип Аскер кызматы.

Кыргызстандан алтымшытан ашуун курсанттар чет өлкөлөрдөгү жогорку аскер окуу жайларына тапшырып, ийгиликтүү ѳтүштү. Биздин балдар Россияда, Турцияда, Азербайжданда, Казакстанда жана Кытайда билим алышат.

Атап айта кетсек, курсант кыздар Даниярова Рината жана Мамытова Бактыгүл Кытай Эл Республикасынын Аскердик илимин үйрөнүшөт. Биздин кыргыз жерибиздин кыздары чет-ѳлкѳлүк аскердик жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, колдоруна аскер медициналык жана аскердик котормочу дипломдорун алышат.

Ант берүү аземинин урматына Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын эстрада ырчылары катышкан патриоттук темадагы ырлардын коштоосунда концерт уюштурулду.

Куттуктоо сѳздѳрү менен Куралдуу Күчтѳрүнүн офицерлери жана ардагерлери, ошондой эле курсанттардын ата-энелери каалоо-тилектерин айтышты.

Ошону менен бирге бир апта соң Аскер институтуна ийгиликтүү окууга ѳткѳн 100 дѳн ашуун курсанттар салтанаттуу аскердик ант берүү аземинин күнѳѳкѳрлѳрү болушту. Аземдин соңунда Ата – Мекенге ант берген жаш курсанттар салтанаттуу жүрүш менен окуу жайдын командачылыгы жана Мамлекеттик коргоо комитетинин жетекчилигинин алдында катар саптан ѳтүштү. Майрамдык мааракенин аяктаган соң жаш курсанттардын ата-энелери бир күндүк эс алууга балдарын окуу жайдын аймагынан алып кетишти.

Категория: Жаңылыктар

Комментарий кошуу

<