Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары

Башкы бетке өтүү
Кедеев Нурсеит Бектемирович

Аскер наамы: Полковник

Аты-жөнү: Кедеев Нурсеит Бектемирович

Ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары

Кызматка дайындалган дата: 05.03.2018-ж.

Туулган жылы: 14.08.1968-ж.

Туулган жери: Ош ш.

Улуту: Кыргыз

Билими, окуу жайын аяктаган жыл: Курганск жогорку аскердик-саясий авиациялык окуу жайы, 1989-ж. РФ КК Генералдык штабынын Аскер академиясындагы жогорку академиялык курстар 2007-ж.

 

АСКЕРДИК КЫЗМАТ

Аскер окуу жайын бүтүргөндөн кийин 1989-жылдын 28-июлунан баштап СССРдин Аскер-аба күчтөрүнүн авиациялык бөлүгүндө рота
командиринин саясий бөлүк боюнча орун басары кызматында кызматын баштаган.

1992-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарынын системасында райондук, областык, областар аралык
аскер комиссариаттарында кызмат өтөгөн.

2017-жылдын 1-февралынан баштап 2018-жылдын 5-майын чейин КР КК Кургактагы аскерлеринин кол башчысынын орун басары кызматында
кызмат өтөгөн.

2018-жылдын 5-майынан баштап КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматын ээлейт.

Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.