Мобилизациялык резервдин жыйыны (МРЖ)

Башкы бетке өтүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 1-ноябрындагы
№ 566 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн
ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Мобилизациялык резервдин жыйындары (мындан ары - жыйындар) - жыйырма беш жашка толгон жарандарды аскердик-каттоо адистиктери боюнча аларды тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган башка аскердик түзүлүштөрүндө пайдалануу үчүн даярдоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын комплекси.

2. Жыйындарды уюштурууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жалпы жетекчилик жүргүзөт.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына (мындан ары - Генералдык штаб) төмөнкүлөр жүктөлөт:

- мобилизациялык резервди күжүрмөн даярдоонун Программасын иштеп чыгуу;

- жыйындарды өтүүнү уюштуруу;

- аскер кызматкерлерин жыйындардан запаска бошотуу.

4. Жарандарды жыйындарга чакырууну, каттоону жана акча каражаттарын төлөтүүнү контролдоону жалпы жетектөө коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

5. Коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органга төмөнкүлөр жүктөлөт:

- жыйырма беш жашка толгон жарандар тарабынан "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарууну контролдоону жүргүзүү;

- жыйындарды өтүү үчүн киргизилген жарандардын сандык эсебин жүргүзүү;

- жарандардын жыйындарды өтүү үчүн төлөгөн акча каражаттарын төлөөсүнүн жүрүшүн контролдоо;

- жыйындарга чакырылган жарандарды аскер комиссариатынан жыйындарды өткөрүүчү жерге чейин ташып жеткирүүнү жана кайра алып келүүнү уюштуруу;

- жыйындарга чакырылган жарандарды кийим мүлкү, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык каражаттар менен камсыздоо.

6. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына (мындан ары - аскер комиссариаттары) төмөнкүлөр жүктөлөт:

- жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды иликтөө жана тандоо;

- жыйындарга чакырылган жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү уюштуруу;

- жарандарды жыйындарга чакыруу жана жөнөтүү;

- жыйындарды өтүү үчүн киргизилген жарандардын өздүк каттоосун жүргүзүү;

- жыйындарга чакырылган жарандарды аскер комиссариатынан топтоочу жерге чейин ташып жеткирүүнү жана кайра алып келүүнү уюштуруу;

- жыйындардан бошотулган аскер кызматкерлерин аскердик каттоого коюу;

- жыйырма беш жашка толгон жарандардын арасында мобилизациялык резервдин жыйындарынын өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөрү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

7. Окуу борборлоруна (аскердик бөлүктөргө) төмөнкүлөр жүктөлөт:

- кабыл алуу жана камсыздоонун бардык түрүнө коюу, аскердик кийимдерди берүү, бөлүштүрүү жана жыйындарды өтүүгө келген аскер кызматкерлерин бөлүкчөлөр боюнча жайгаштыруу;

- аскер кызматкерлерин аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо;

- аскердик кызматты жана аскердик кызматтын коопсуздугун уюштурууну камсыздоо, аскердик тартипти сактоо жана жыйындарды өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин ден соолугун сактоо;

- мобилизациялык резервдик жыйындардын аскер кызматкерлеринин аскердик антты алуусун уюштуруу;

- жыйындарды өткөн аскер кызматкерлерин запаска бошотуу.

8. Топтоо пункттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:

- жарандардын жыйындарды өтүү үчүн төлөгөн акча каражаттарынын түшүшүн контролдоо;

- жыйындарга чакырылган жарандарды жыйындар өткөрүлүүчү жерге чейин жөнөтүүнү уюштуруу жана аларды кайра алып келүү;

- жыйындарды өткөн аскер кызматкерлери тапшыра турган аскердик кийимдердин комплектин кабыл алуу.

2. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды тандоонун жана иликтөөнүн тартиби

9. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды тандоо жана иликтөө аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.

10. Жарандарды иликтөө кылмыш жоопкерчилигине тартылган, тергөө жана сот жоопкерчилигине тартылып жаткандарды, психиатриялык, туберкулез, тери-венерикалык, наркологиялык жана башка дарылоо-профилактикалык мекемелеринде каттоодо турган адамдарды аныктоо максатында жүргүзүлөт.

11. Жыйындарга чакырууну каалаган жарандарды иликтөө аскер комиссарынын жетекчилиги астында аскер комиссариатынын өздүк курамы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ички иштер органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишкана, уюм жана мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт.

12. Аскер комиссариаттары иликтөөнүн жүрүшүндө жыйынды өтүүнү каалаган жарандын ден соолугунун абалын, жарандыгын, соттолгондугун, билимин, жарандык адистигин, жашын, үй-бүлөлүк абалын такташат. Иликтөө жарандар менен жекече аңгемелешүү жолу менен өткөрүлөт. Ар бир аңгемелешүү милдеттүү түрдө жарандын өздүк колу менен, ошондой эле аңгемелешүүнү өткөргөн адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.

Иликтөө жыйынтыгы иликтөө баракчасында көрсөтүлөт.

13. Чакыруу башталганга чейин райондук (шаардык) аскер комиссарлары жыйырма беш жашка толгон төмөнкүдөй жарандар жөнүндө толук жана объективдүү маалыматтарга ээ болушу керек:

- жыйындарга катышууну каалаган жарандар;

- мурда алгачкы аскердик жыйындарды өткөндөр;

- мурда ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөндөр жана кайра медициналык күбөлөндүрүүнү өткөндөн кийин аскер кызматына жарактуу деп таанылгандар;

- оор жана өтө оор кылмыш болуп саналган кылмыш жазасы үчүн эркинен ажыратуу жерлерде жазасын өтөп келген, ошондой эле эки жана андан ашык соттолгон адамдар.

14. Аскер комиссары жаран менен жекече аңгемелешүүнүн негизинде аны жыйындарга алдын-ала дайындоо жөнүндө жыйынтык чыгарат. Аскер комиссарынын жыйынтыгы анын колу жана гербдүү мөөрү менен изилдөө баракчасында күбөлөндүрүлөт.

15. Жыйындарды өтүү үчүн тандалган жарандардын саны жөнүндө маалымат ар бир айдын 20сына карата коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аскер комиссариаттары тарабынан сунушталат.

3. Жыйындарга чакырылган жарандарды медициналык күбөлөндүрүү

16. Жыйындарга чакырылган жарандарды медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө токтому менен бекитилген жобонун негизинде өткөрүлөт.

17. Жыйындарга чакырылган жарандарды медициналык күбөлөндүрүү тийиштүү аскер комиссарынын сунушу боюнча кабыл алынган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын чечими менен дарыгер адистер, саламаттык сактоо мекемелеринин орто медициналык персоналы тартылат.

18. Аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү аскер комиссарынын буйругу боюнча аскер комиссариаттарынын алдындагы дарыгердик комиссиялар, айрым учурларда Генералдык штабынын гарнизондук (госпиталдык) аскердик дарыгердик комиссиялары (мындан ары - АДК) тарабынан өткөрүлөт.

19. Ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн жарандар үчүн мурда коюлган диагнозго ылайык керектүү лабораториялык-дартты аныктоочу изилдөөлөр жүргүзүлөт.

20. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары госпиталдык жана гарнизондук АДК, аскер комиссариатынын дарыгердик комиссиясынын токтому жана медициналык күбөлөндүрүүлөрү изилдөө картасына жана аскерге милдеттүүнүн медициналык күбөлөндүрүүсүнө АДКнын маалымкатына жана аскер комиссариатынын дарыгердик комиссиясынын протоколдор китебине киргизилет.

21. Жыйындарга чакырылган жарандарды текшерүүнүн жана медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары төмөнкүдөй таризделет:

а) саламаттык сактоо уюмдарынын дарылоочу (дарылоочу-профилактикалык) мекемелеринде берилген ден соолуктун абалын текшерүү актысы менен;

б) госпиталдык же гарнизондук АДКнын маалымкаты менен.

22. Жыйындарга чакырылган жарандарды медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен дарыгердик комиссия төмөнкүдөй мазмундагы токтомдорду кабыл алышат:

- "аскердик кызматка жарактуу";

- "мөөнөтүн көрсөтүү менен дарылануу үчүн жыйындарга чакыруунун мөөнөтүн узартып берүү";

- "тынчтык мезгилинде аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектөөлөр менен жарактуу";

- "аскердик кызматка аскердик каттоодон чыгаруу менен жараксыз".

4. Жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жарандарды эсепке алуунун тартиби

23. Жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жарандарды эсепке алууну жалпы жетектөө жана контролдоо коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми республиканын облустарында, райондорунда жана шаарларында - аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.

24. Аскер комиссарлары тейлеген аймактагы жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жарандарды толук эсепке алууга жана чакырууну уюштурууга жоопкерчилик тартышат.

25. Жыйындарга чакырылуучу жарандар райондук (шаардык) аскер комиссары бекиткен ысымдык тизме менен аскер комиссариатынын дарыгердик комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде аскерге милдеттүүлөрдү эсепке алуу бөлүмчөсүнөн аскер комиссариатынын мобилизациялык бөлүмчөсүнө каттоого берилет.

26. Жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жана жыйындарды өткөн жарандарды эсепке алуу жекече жана сандык болуп бөлүнөт. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сандык эсеп, аскердик комиссариаттарда - жекече эсеп жүргүзүлөт.

Жекече эсеп жекече эсепке алуунун журналы жана өздүк иш боюнча жүргүзүлөт.

Жыйындарга жарактуу деп таанылган жарандар алар акчалай төгүмдөрдү төлөгөндөн кийин жекече эсепке алуунун журналы боюнча эсепке алынат.

Журнал көктөлүп, номер коюлуп жана ага аскер комиссариатынын гербдүү мастикалык мөөрү менен басылышы керек. Жазуулар оңдоосуз болушу керек. Жазууларга оңдоолор киргизилгенде, алар аскер комиссарынын колу менен күбөлөндүрүлүп, гербдүү мастикалык мөөрү менен басылышы керек.

27. Жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жарандарга өздүк иш ачылат жана өздүк иштерден картотека түзүлөт:

- жыйындарга жөнөтүүгө кабыл алынгандарга (жыйындарга чакыруунун убактысы боюнча өздүк иштер коюлат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча, алфавит боюнча, туулган жылы боюнча);

- жыйындарга чакырылуучулар;

- жыйындарды өткөндөр;

- запаска киргизилгендер;

- издөөдө жүргөндөр.

28. Жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жарандарды каттоо, ошондой эле өздүк иштерди жана башка документтерди жүргүзүүнүн тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

5. Мобилизациялык резервдин жыйындарына жарандарды чакыруунун тартиби

29. Жарандарды жыйындарга чакыруу аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. Жарандарды жыйындарга чакыруу жөнүндөгү чечим аскер комиссарынын буйругу менен бекитилет.

30. Жыйындарга чакырылуучу жарандар:

- жыйырма беш жашка толгон аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган учурда - укук коргоо органдарынын чечими менен берилген чакыруунун мөөнөтү узартылбаган же бошотулбаган;

- жыйырма беш жашка толгон, эгер алар жыйырма беш жашка толгонго чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечими менен мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтү узартылган же бошотулган;

- жыйырма беш жаштан кырк жашка чейинки мурда алгачкы аскердик жыйындарды, ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн негизинде аскер кызматына жарактуу деп таанылган жарандар чакырылышат.

31. Жыйындарга төмөнкү жарандар чакырылбайт:

- согуш мезгилинде чектөө менен, тынчтык мезгилинде аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандар;

- аскердик каттоодон чыгаруу менен аскер кызматына жараксыз деп таанылгандар;

- оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жерлерде жазасын өтөп келген, ошондой эле эки жана андан ашык соттолгон адамдар;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин башка мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызмат өтөгөндөр.

32. Жарандарды жыйындарга чакыруу жыл сайын жүргүзүлөт. Жыйындарга чакырылуучу жарандардын саны жана жыйындарды өтүүнүн убактысы аскер комиссариаттарынын чакырылуучу ресурстарынын негизинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

33. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандар дарыгердик комиссиялар тарабынан аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен аскер комиссарынын атына белгиленген форма боюнча арыз беришет, анда акчалай төгүмдүн белгиленген суммасын төлөөгө жана жыйындарды өтүүгө милдеттенет.

34. Жыйындарды өтүү үчүн белгиленген акчалай төгүмдү төлөгөн жаран каза болуп калган учурда (сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган) жыйындарды өтүүгө чейин аскердик каттоодон чыгарылат. Жыйындарды өтүү үчүн төлөнгөн акчалай төгүм жакын туугандарына кайтарылып берилүүгө тийиш.

6. Жыйындарга чакырылган аскер кызматкерлерин окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) жөнөтүүнүн жана ташуунун тартиби

35. Жыйындарга чакырылган жарандарды аскер бөлүктөрүнө (окуу борборлоруна) жөнөтүү аскер комиссариаттарынан топтоо пункттары аркылуу жүргүзүлөт.

Аскер кызматкерлери аскер комиссариаттары тарабынан топтоо пункттарына уюшкандыкта көрсөтүлгөн мөөнөттө жеткирилишет. Аскер кызматкерлерин топтоо пункттарына жөнөтүү алдында ташуу үчүн пайдаланыла турган автомобиль транспортунун техникалык абалы текшерилет, машиналардын башчылары, айдоочулар жана мобилизациялык резервдин жыйындарынын аскер кызматкерлери жүрүүчү жолдорунда коопсуздук чараларын сактоо боюнча түшүндүрмө берилет.

36. Аскердик бөлүктөрдүн өкүлдөрүнө мобилизациялык резервдин жыйындарынын аскер кызматкерлери ысымдык тизмелери боюнча, аскердик-каттоо иш кагаздары, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторунун көчүрмөлөрү, медициналык күбөлөндүрүүсү, флюорографиялык сүрөттүн аныктамасы жана жуунуп-тазалануучу каражаттары менен өткөрүлүп берилет.

7. Мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүнүн тартиби

37. Жыйындар аскер кызматкерлери тарабынан 30 күндүк мөөнөттө Генералдык штабдын окуу борборлорунда (аскердик бөлүктөрүндө) өтөт.

Жыйындарды өткөрүү үчүн аскердик бөлүктөр (окуу борборлору) Генералдык штабы тарабынан аныкталат.

38. Аскер комиссарынын жарандарга жыйындарды өтүү үчүн чакыруу жөнүндөгү буйрукту чыгарган күнү жыйындарды өтүүнүн башталышы болуп эсептелет.

Аскер комиссарынын жыйындарга чакыруу жөнүндө буйругу чыккан учурдан баштап жыйындарга чакырылган жарандар аскер кызматкерлери деп аталышат жана аскер кызматкерлеринин статусун алышат.

39. Мобилизациялык резервдин жыйындарынын аскер кызматкерлери жыйындарды өтүүнүн убагында аскердик ант беришет.

40. Окуу борборунун (аскердик бөлүктүн) башчысынын (командиринин) өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү буйругун чыгарган күн жыйындарды аяктоо болуп саналат.

41. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарды жыйындарга чакырууну өткөрүү жана жөнөтүү жөнүндө көрсөтмөнү жыл сайын иштеп чыгат.

Жыйындарга чакырууну өткөрүү жана жөнөтүү жөнүндөгү көрсөтмөдө төмөнкүлөр аныкталат:

- аскер комиссариаттарында жыйындарды өтүүгө каалоосун билдирген жарандардын санын эске алуу менен жыйындарды өткөрүүнүн мөөнөттөрү;

- жарандарды жыйындарга чакыруунун тартиби;

- аскер кызматкерлерин окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) жөнөтүүнүн жана ташып жеткирүүнүн тартиби;

- запаска бошотулган аскер кызматкерлерин ташуунун тартиби.

Жыйындарды өткөрүү жөнүндөгү көрсөтмөнү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү кызмат адамдарына чейин жеткирет.

42. Жыйындарды өткөрүү боюнча көрсөтмөнү алгандан кийин аскер комиссарлары, окуу борборлорунун башчылары (аскер бөлүктөрүнүн командирлери) жыйындарды уюштуруу, камсыздоо жана өткөрүү үчүн бардык зарыл болгон иш-чаралар аныктаган жыйындарга жөнөп кетүүнүн жана өткөрүүнүн пландарын түзүшөт.

8. Мобилизациялык резервдик жыйындарына чакырылган жарандардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери

43. Жыйындарга чакырылган жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте аскер кызматкерлеринин статусу колдонулат.

44. Жыйындарга чакырылган жарандар социалдык-экономикалык, саясий жана жеке укуктарын жана эркиндиктерин толугу менен пайдаланышат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын баардык милдеттерин аткарышат.

45. Жыйындарга чакырылган жарандарды жыйындарды өтүүгө байланышпаган милдеттерди, алардын ичинде чарбалык жана курулуш иштерине тартууга тыюу салынат.

46. Жыйындарды өтүү мезгилинде жарандардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу аскер кызматкерлери үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

47. Жыйындарга чакырылган жана аларды өтүүнүн белгиленген тартибин бузган жарандар аскер кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

48. Мобилизациялык резервдин жыйындарын өткөн аскерге милдеттүүлөр контракт боюнча аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн.

9. Запаска бошотуу

49. Жыйындарды өткөн аскер кызматкерлери окуу борборунун (аскердик бөлүктүн) башчысынын (командиринин) буйругу менен запаска бошотулушат.

50. Аскердик бөлүктөрдө (окуу борборлорунда) жыйындарды өткөндөн кийин аскер кызматкерлерине аскердик-каттоо адистиги ыйгарылат жана алардын аскердик билеттери менен өтөөлөрдү-каттоо карточкаларына тийиштүү белгилер коюлат.

51. Запаска бошотулган аскер кызматкерлери окуу борборлорунун (аскердик бөлүктөрдүн) автомобиль транспорту менен топтоо пункттарына жеткирилип, ысымдык тизмелер боюнча топтоо пункттарынын башчыларына өткөрүлүп берилет.

52. Жыйындарды өткөн жана запаска бошотулган аскер кызматкерлери аларга берилген аскердик кийим формасынын комплектин топтоо пункттарына мобилизация мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн резервдик түзүлүштөрүнүн жана жаңы түзүлгөн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскердик кийим формасына болгон жетишсиздигин жабуу үчүн тапшырышат.

53. Топтоо пункттарынын башчылары аскер комиссариаттарында жыйындарды өткөн аскер кызматкерлери тапшырган аскердик кийим формасынын комплектин сактоо үчүн кабыл алууну уюштурушат.

54. Мобилизациялык резервдин аскер кызматкерлерин запаска бошотууда аскердик-каттоо документтерин толтуруунун тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.